ТИМ: 20-марттан бери Кыргызстанга Россиядан 22 миңден ашуун КР жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 3-августуна чейин Кыргызстанга Россиядан 22 миң 440 КР жараны кайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын президенти С.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын Мекенине алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Россия Федерациясынан 35 чартердик авиакаттамдар жана 32 автобус менен 7 986 жаран Кыргызстанга алынып келди. Анын ичинде Россиянын 6 облусунан (Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Оренбург, Самара, Санкт-Петербург).

Жалпысынан, Россиядан авиакаттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 3-августуна чейин Россиядан 22 440 жаранкайтты. Россиядан 93 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Ошол эле убакытта, элчилик Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар жүргүзүлө электигин жана россия-казакстан чек арасы жабыктыгын баса белгилейт. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого чакырат.

Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү) 3 500 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Элчилик Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, жарандар КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байланыш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Пикир

Оставить комментарий