• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: 22 кыргызстандык Екатеринбургдан кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. 22 кыргызстандык Екатеринбургдан кайтарылды, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргыз Республикасына “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди. Аталган рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн россия тарабы менен уюштурулган.

"Россия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен Кыргыз Республикасынын 22 жараны келди. Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий