• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

9 айда КРнын чет өлкөдөгү мекемелери каза болгон 332 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. 9 айда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери каза болгон 332 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жардам берген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан кабыл алынган конкреттүү чаралар боюнча, чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук кызмат көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу боюнча иштер активдештирилгендигин белгилегим келет

Тактап айтканда, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 2021-жылдын 9 айында 100 миң ден ашык консулдук кызмат көрсөтүлгөн.

“Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында жазуу жүзүндөгү 5 миң кайрылуу каралды, окуя болгон жерге, аэропортко, ооруканага, табытканага 460 чыгуу болгон, 200дөй иш-чара кыргыз диаспораларынын катышуусу менен жолугушуулар уюштурулду, консулдук жана миграциялык маселелер боюнча бийлик органдарынын өкүлдөрү менен 260 жолугушуу өткөрүлдү, кайтыш болгон 332 жарандардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөк көрсөтүлдү, 22 млн 705 миң сом (рублдан кайра эсептегенде) өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акыларын өндүрүү боюнча жарандарга көмөк көрсөтүлдү, 15177 жаранга консулдук жана укуктук маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деп маалымат берди ал.

Ошондой эле ал КРнын дипломатиялык мекемеси жок өлкөлөрдө жана региондордо жүргөн КРнын жарандарынын консулдук кызматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу максатында 2021-жылы Иорданияга, Бахрейнге, Египетке, Чехияга, Швецияга, Испанияга, Грецияга, Эстонияга, Литвага жана Молдовага, ошондой эле Чикаго жана Филадельфия (АКШ), Неаполь, Кальяри, Милан (Италия), Калининград, Казань, Самара, Нижний Новгород, Уфа (Россия), Одесса жана Харьков (Украина) шаарларына консулдук чыгуулар жасалганын белгилейт

“Бул чыгуулардын алкагында КРнын 1,5 миңден ашык жаранына укуктук маселелер боюнча документтештирүү жана консультация түрүндө консулдук кызматтар көрсөтүлгөн”, - деди ал.

Августта өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен Афганистандан 36 КР жараны мекенине кайтарылды.

Ошондой эле Артыкбаев КРнын саясий-дипломатиялык ишмердүүлүн ишке ашыруу максатында, Венгрияда КР Элчилигин ачуу маселеси иштелип чыкты, Анталияда КРдин Башкы консулдугун ачуу маселеси чечилүүдө, ошондой эле америка тарап менен келечекте Чикаго жана Нью-Йорк шаарларында КРдин консулдук мекемелерин ачуу жөнүндө келишүүлөргө жетишилгенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий