• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ Абу-Дабидеги кыргызстандык кыздын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алды

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын жаранынын 29-сентябрда Абу-Даби шаарында көз жумушу фактысы боюнча иликтөө Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги Абу-Дабинин компетенттүү органдары жана маркумдун туугандары менен байланышта болуп, аталган ишти иликтөөнүн жүрүшүнө көз салынууда.

Учурда министрлик КРнын БАЭдеги элчилиги менен бирге кыздын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү маселесин карап жатат.

Эске салсак, фейсбук социалдык тармагындагы БАЭдеги кыргызстандыктардын тобунда Наргиза Кадырова аттуу колдонуучу төмөндөгүдөй пост жарыялаган: “Саламатсыздарбы, урматтуу мекендештер! Тилекке каршы, биз мекендештерибиздин бири Абу-Даби шаарында жашап иштеп жүргөн Алтынайды жоготуп алдык. Азыр анын өлүмүнүн себеби тууралуу тергөө жүрүүдө. Баарыңыздардан анын үй-бүлөсүнө кызды келип сөөгүн алып кетүүгө жана өлүмүнүн себебин аныктоого акчалай жардам берүүнү суранам. Баарыңыздарга алдын ала рахмат. Төмөндө көрсөтүлгөн банк эсебине жөнөтсөңүздөр болот: 010520020649101, DIB. Dubai Islamic Bank. Байланыш номерлери: 050 2859188 - Наргиза. 052 268 0281 - Айда”.

Пикир

Оставить комментарий