• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ: "Аэрофлоттун" Москва-Бишкек каттамы мурунду режимде учууда

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда "Аэрофлот" авиакомпаниясы бир катар эл аралык аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.

ЖМКларда аталган авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Москвадан 80 шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ошко болгон каттамын токтоткондугу жарыяланган.

Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим күн сайын абага көтөрүлгөн каттамдарга гана тиешелүү.

"Москва-Бишкек багыты боюнча каттамдар мурунку режимде улантылат. Бүгүнкү күндө "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча учууда. Ошондой эле күн сайын чартердик каттамдар Москвадан Бишкек, Ошко жүрүүдө. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпаниянын чартердик каттамдары Бишкек, Оштон Россиянын башка шаарларына да учууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий