• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ айыл чарба кызматкерлери үчүн эл аралык ишмердүүлүк боюнча семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Кечээ, 8-июнда КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери үчүн эл аралык ишмердүүлүк жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана дипломатиялык протокол маселелери боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык семинар Айыл чарба министрлигинин имаратында борбордук аппараттын жана ведомстволук уюмдардын 50 дөн ашык кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Семинардын жүрүшүндө ТИМдин ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан КР "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилип, аталган мыйзамды ишке ашырууда келип чыккан кемчиликтер жана көйгөйлөр талкууланды.

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери координацияланган эл аралык ишмердүүлүктү камсыз кылуу максатында көрүлө турган чаралар тууралуу багытталышты.

Мындан тышкары, ТИМ кызматкерлери эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруу-протоколдук маселелери боюнча тажрыйба бөлүшүштү жана мамлекеттик протоколдун жана дипломатиялык этикеттин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Иш-чара ТИМ тарабынан Кыргызстандын тышкы саясатынын биримдигин камсыз кылуу максатында мамлекеттик бийлик органдарынын эл аралык ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий