• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Акбаржон Жалилов Кыргызстандын жарандыгын алган эмес

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларга жарыяланган 2017-жылы 3-апрелде Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы жардырууга шектелип жаткан Жалилов Акбаржон «Кыргызстандын жараны» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий түрдө билдирет.

Маалыматтарга караганда, А.Жалилов 1995-жылы 1-апрелде Ош шаарында туулган, этникалык өзбек, толук эмес орто билимге ээ.

Белгилей кетүүчү жагдай, А.Жалилов КРнын жарандык паспортун эч качан алган эмес, анткени 2011-жылы ал 16 жашка чыккандыгына байланыштуу анын арызы жана Россиянын жараны болгон атасынын өтүнүчүнө ылайык, РФ жарандыгын алып, ошол мезгилден бери ал РФда туруктуу жашап келген.

Азыркы учурда КРнын компетенттүү органдары аталган ишти иликтөөдө РФнын укук коргоо органдарына ар тараптуу жардам берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий