• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ алдындагы тышкы саясат боюнча консультативдик кеңештин жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-июлда КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы саясат боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Анда приоритеттүү багыттардагы бир катар мамлекеттер менен кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маселе талкууланды.

Министр Айдарбеков алдыдагы иш-чаралар, ошондой эле болуп өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитинин жана эң жогорку деңгээлде болгон сапарлардын жыйынтыктары жөнүндө консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий