• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ: Анталияда көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн кыргызстандык жигит көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында 18 жаштагы кыргызстандык бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-октябрда 2003-жылы туулган А.Т. аттуу Кыргызстандын жараны Анталия шаарындагы убактылуу жашап жаткан үйүнүн 5-кабатынан кулап түшкөн.

“Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Операцияга карабай 18 жаштагы жигит 15-октябрда саат 07:00дө көз жумду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тарабынан каза болгон жигиттин туугандары менен ар тараптуу иштер аткарылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Анталия шаарында 20 жаштагы Аман аттуу кыргызстандык бала көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан бетондолгон жерге кулап түшкөндүгү кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий