• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ "Апрелдин" жабылышына тынчсыздануусун билдирген ЕККУга жооп кайтарды

Саясат 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезирдин 14-август күнү “Апрель” телеканалы боюнча билдирген пикирине жооп кайтарды.

Анда төмөнкүдөй айтылат;

“Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сот органдары оор кылмыштарга шектүү деп табылган адамдын баардык мүлкүн камакка алды. Анын ичине “Апрель” телеканалы да кирет.

Белгилей кетчү нерсе, аталган телеканал камакка өзүнүн редакциялык саясаты, көрсөткөн берүүлөрү же алардын бийликке болгон көз карашы үчүн алынган жок. “Апрель” телеканалы түзүлгөн күндөн тарта өзүнүн оппозициялык багытына карабастан, кандайдыр бир кысым же чектөөлөргө кабылган эмес.

Сөз эркиндигинде жана уктуруу эркиндигинде эч кандай чектөөлөр жок".

Пикир

Оставить комментарий