• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ: Бүгүн Германиядан 59 Кыргызстандын жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 Кыргызстандын жараны Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 14-майда кыргызстандык жарандар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти.

«Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48 КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулган», - деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Министрликтин басма сөз кызатына кошумчалашкандай, азыркы учурда келген жарандардын баардыгы бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча КРнын президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий