• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ТИМ: Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында балдар социалдык мекемелерине акчалай жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында балдар социалдык мекемелерине акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнда президент С.Ш.Жээнбековдун «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дуайен, Азербайжандын элчиси Г.Х.Оруджев жана Норвегия Королдугунун Ардактуу консулу А.А.Чыныбаева менен биргеликте жетим балдар, ата-энелеринин камкордугусуз калган жана дүлөй балдар үчүн К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын, дүлөй балдар үчүн Кара-Суу атайын мектеп-интернатынын жана Адистештирилген балдар үйүнүн жетекчилерине акчалай каражат тапшырышты.

Балдарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда аккредитациядан өткөн Дипломатиялык корпус, КРдагы Ардактуу консулдардын клубу жана КР ТИМ Профкому тарабынан 440 миң сом өлчөмүндө акчалай каражат чогултулган.

Чогултулган каражаттын бир бөлүгүнө билим берүүчү адабият, спорттук инвентарь сатылып алынды, ошондой эле Кара-Суу мектеп-интернатынын жана Панфилов мектеп-интернатынын оңдоп-куруу иштерине 250 миң сом бөлүндү.

Министр Айдарбеков өзүнүн куттуктоо сөзүндө балдардын саламаттыгы жана өсүп келаткан муунду тарбиялоо үчүн аларды ар тараптан колдоого алуу - өлкөнүн мамлекеттик органдарынын бирден бир негизги милдети болуп саналарын белгиледи.

КР ТИМ КРда аккредиттелген Дипломатиялык корпус жана КРдагы Ардактуу консулдардын клубу менен биргеликте КРнын балдар социалдык мекемелерине жыл сайын ар дайымкы түрдө финансылык жардам көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий