• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ башчысы Айдарбеков балдар социалдык мекемелерине барды

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясы менен К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына барды. Иш-чарага Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун дуайени, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев, Чүй облусунун Панфилов районунун жетекчилери дагы катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Ч.Айдарбеков мекеменин тиричилик шарттары менен таанышып, мекеменин материалдык камсыздоосу, астында турган көйгөйлөрү жөнүндө маалымат алды.

Өз сөзүндө мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына кайрылып, Ч.Айдарбеков аларды Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, жаш муундун коомду жана мамлекетти куруудагы маанилүү ролун белгиледи, ошондой эле өздөрүн мектеп-интернатка жана мекеменин ишмердүүлүгүнө арнаган мугалимдерге ыраазылык билдирген.

Министр 150 комплект мектеп формасын сатып алуу үчүн мектепке 225 миң сомго сертификатын тапшырган. Бул сумма Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

Өз кезегинде мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана окутуучу курамы КР ТИМине, ошондой эле дипкорпуска куттуктоолор жана алып келген белектери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошол эле күнү министр Чыңгыз Айдарбеков Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун Адистештирилген борборуна кайрымдуулук акциясы менен барды. Аталган борбордо төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар тарбияланат.

Кайрымдуулук акциясынын жүрүшүндө 55 комплект балдар шейшебин сатып алуу үчүн борбордун жетекчилигине 69 000 сомго сертификат тапшырылды. Бул сумма Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий