• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ТИМ башчысы Айдарбеков баштаган делегация Өзбекстанга барат

Саясат 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация 2019-жылдын 10-январында Өзбекстанга визит менен барат. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосу маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, визиттин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстандын ТИМ башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандан барган делегаттар Афганистандын катышуусу менен Самарканд шаарында (Ташкент) өтө турган министрлердин биринчи «Индия –Борбордук Азия» диалогуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий