• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ башчысы Айдарбеков Брюсселде мекендештер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Брюсселге болгон визитинде Франция, Бельгия жана Нидерландда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр ведомствонун ишмердиги, түзүмүндөгү болгон өзгөрүүлөр жана мекендештер менен болгон кызматташууну бекемдөө тууралуу айтып берди. Андан тышкары КР президенти алдындагы жаңы түзүлгөн мекендештер менен байланыш Кеңеши тууралуу маалымат берди.

Айдарбеков белгилегендей, Кеңештин негизги максаты чет өлкөдө жүргөн мекендештер менен мамлекет ортосундагы коргоо, кызыкчылыгын колдоо боюнча өз ара кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Айдарбековго өздөрүн кызыктырган суроолорду берип тиешелүү жоопторду алышты. Министр өз тарабынан кээ бир маселелерди көзөмөлгө алган.

ТИМ башчысы чет өлкөлүк мекемелердин ишмердүүлүгү атап айтканда, инвестиция чакыруу, жарандардын укугун коргоо жана Кыргызстан тууралуу маалыматты жана өлкөнүн туризм потенциалы тууралуу маалыматты таратуу экендигин кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий