• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ башчысы Айдарбеков Россиянын элчиси Крутькону кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды.

Крутько РФнын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун Айдарбековдун дарегине айтылган каалоо-тилектерин айтып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады, - деп билдиришти КР ТИМдин басма сөз кызматынан.

"Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты, анын ичинде күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги визиттер жана иш-чаралар тууралуу сөз болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий