• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ башчысы Айдарбеков Түркиянын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков күн мурун Анкара шаарында Түркиянын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда КР менен ТРнын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Атап айтканда, тараптар коргонуу чөйрөсүндө мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин алкагында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий