• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ башчысы болуп дайындалган Руслан Казакбаев жалпы жамаатына тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр жаңы дайындалган министрдин тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.

«Руслан Казакбаевдин дипломатиялык кызматта чоң тажрыйбасы бар. Баарыңар жакшы билесиңер, айрымдарыңар чогуу иштешкенсиңер. Бүгүнкү кырдаал оңой эмес, бирок биз биргеликте өлкөнүн дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөгө жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп ишенем», - деди Артем Новиков.

Ошондой эле министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине көңүл бурду.

«Биздин алдыбызда турган маанилүү милдет - экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүү. Бул блокту өркүндөтүү керек. Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо боюнча ишти улантуу керек», - деп биринчи вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап, жаңы дайындалган министрдин ишине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий