• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ башчысы Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков элчи, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдуард Ауэр Айдарбековду министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктап, КР менен ЕБнын ортосундагы диалогду бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ЕБнын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, президент Сооронбай Жээнбековдун ЕБнын институттарына 2018-жылдын 11-12-апрелинде болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар алдыда өтө турган жолугушуулар, иш-чаралар тууралуу пикир алмашышты.

КР менен ЕБнын ортосунда жүргүзүлгөн кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык, көп жылдык индикативдүү программаны ишке ашыруу тууралуу жаңы макулдашуунун долбоору боюнча КР менен ЕБнын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий