• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ башчысы IV жана V Көчмөндөр оюндары кайсыл өлкөлөрдө өтөрүн айтты

Маданият 0

Бишкек, 10.03.21.Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн кыргыз-түрк мамилелерине арналган илимий-практикалык конференцияда IV жана V Көчмөндөр оюндары кайсыл өлкөлөрдө өтөрүн айтты.

“Бул жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда, ал эми кийинкиси Венгрияда өтөт”,-деди Казакбаев.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген. Мындан мурда Чавушоглуну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеген. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы 9-14-сентябрда Чонпон-Ата шаарында өткөн. 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда экинчи жана үчүнчү оюндар өткөрүлгөн. Кийин оюндарды өткөрүү эстафетасын Түркия кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий