• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ башчысы JICAнын биринчи вице-президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 30.10.18 /Кабар/. КРнын тышкы иштер иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Японияга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинин (JICA) биринчи вице-президенти Казухико Кошикава менен жолукту. Бул жөнүндө ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптын өз ара кызматташуусу талкууланып, министр Ч.Айдарбеков JICA уюмуна Кыргыз Республикасында демократиянын бекемделишине жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтты.

Өз учурунда К.Кошикава учурда алар Кыргызстандагы ишмердигин талдап, анын жыйынтыгы менен кызматташунун жаңы багыттарын кошууну ойлонуштуруп жатканын белгиледи. Ошондой эле, К.Кошикава JICAнын чакыруусу менен КРнын медицина өкүлдөрүнүн делегациясы Японияга келгенин билдирди. Алар Япониянын бир катар медициналык мекемелерин кыдырып көрүшмөкчү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жакынкы келечекке план коюп, ар тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий