• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМ башчысы Кыргызстанда катталган дипкорпустардын мүчөлөрү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 20-январда Бишкек шаарында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун мүчөлөрү менен жыл сайынкы жолугушуусу болду.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун максаты – чет мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, аларды КР президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган негизги тышкы саясий тапшырмалар менен тааныштыруу болду.

Өз билдирүүсүндө министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнө мамлекет башчысынын КР тышкы саясаты ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалык бойдон калгандыгы, көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатиянын алкагында улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталгандыгы тууралуу билдирүүсүн эске салды.

"Бул биринчи кезекте мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо, финансылык жана экономикалык туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык өзүн-өзү камсыздоо маселелерине тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кулубаев элчиликтерди жана эл аралык уюмдарды мамлекет башчысынын "жашыл" демилгелерин, өзгөчө тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго алмаштыруу жаатында колдоого чакырды.

Жолугушуунун соңунда тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси элчилерге жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине эки тараптуу саясий мамилелерди чыңдоо жана көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий