• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ башчысы Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинин таламын талашты

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөмбековдун таламын талашты.

Бишкекте өткөн маалымат жыйында кабарчылар министрден элчиге карата айтылган сындардан улам аны ишинен кетүүсүн күтүүгө болобу деп суроо узатышты.

Айдарбеков билдиргендей, Рүстөмбеков мамлекетттик кызматта тажрыйбасы жогору, бир нече элчиликтерде иштеген адис.

“Ал баардык элчиликтердей эле маселени комплекстүү түрдө чечет. Эң негизгиси Рүстөмбеков эл аралык аренада аброюу жогору жана Тажикстандын жетекчилиги менен түзмө-түз байланышууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал бүгүнкү күндө ТИМ менен байланышта баардык багыттар боюнча активдүү иш алып барууда”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий