• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ башчысы Кытай, Өзбекстан жана Казакстандын элчилери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.091.17. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күн мурун элчилер Сяо Цинхуа (Кытай), Айымдос Бозжигитов (Казакстан), жана Комил Рашидов (Өзбекстан) менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстванын маалыматы боюнча, Кытай элчиси менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, эки өлкө ортосундагы виза маселеси жана экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жаатында маселелер талкууланды.

Абдылдаевдин казак элчиси менен болгон жолугушуусунда кыргыз-казак кызматташтыгы жана эки тараптуу келишимге кол коюунун даярдыктары жөнүндө сөз болду.

Ал эми элчи Рошидов менен болгон жолугушуунун алкагында эки тараптуу актуалдуу маселелер ортого салынып, КР президенти Алмазбек Атамбаевдин жакында Өзбекстанга боло турчу мамлекеттик иш сапары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий