• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ башчысы Руслан Казакбаев «Манас» жана Айтматов улуттук академиясына барды

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Академиянын президенти Топчубек Тургуналиев, ошондой эле илимдин көрүнүктүү ишмерлери Т. Кенесариев жана С.Кайыпов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин «Манас» баатырдык эпосунун жана замандын улуу жазуучусу жана ойчулу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын илимий иликтенүү маселелери, окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн ал адабий чыгармалардын адаптация болуу зарылдыгы талкууланды.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Манас» эпосун жана Ч.Айтматовдун мурастарын изилдөө борборлору пайда болуп жатканы, жалпы күч-аракетти академиянын базасына бириктирүү демилгеси коюлганы жана эл аралык аянтчаны түзүү белгиленди, ал маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары алдыга жылдырууга, улуу чыгармаларда айтылган гуманизм идеяларын илгерилетүү үчүн негиздерди түзүүгө кызмат кылат.

«Манас ааламы» атласын даярдоонун жана басып чыгаруунун практикалык маселелери талкууланды. «Манас» эпосуна тийиштүү болгон материалдык жана маданий мурастардын объекттерин, топологиялык күбөлөрдү тандап алууга киришүү чечими кабыл алынды. Бул максатта КРнын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө академиянын мүчөлөрүн экспедициялары уюштурулат.

Министр Казакбаев балдар үчүн Манас жөнүндө адаптациялык китепти чыгаруу, дүйнө эли кыргыз элинин бай фольклордук жана рухий-адеп-ахлахтык мурастары жөнүндө көп билүүлөрү үчүн аларды чет тилдерге которуу зарылдыгын белгиледи, ошондой эле ЮНЕСКОго каттоо менен Дүйнө элдеринин эпосторунун энциклопедиясын түзүүнү сунуштады. Ал «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы маданий-гуманитардык кызматташуунун борбору болоруна жана дүйнө жүзүнүн окурмандарынын алдында кыргыз элинин элдик оозеки жана заманбап чыгармаларынын жаңы жактарын ачып берерине үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий