• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ башчысы Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-августунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулган Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана атактуу казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV «Айтыш» Эл аралык акын-импровизаторлордун сынагына катышуу үчүн Бишкекке келген Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Д.Кыдырали кыргыз тарапты эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана күчтүү мамлекетти жана адилеттүү коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Түрк академиясынын президенти КР ТИМ башчысына Академиянын учурдагы иштери жана долбоорлору, жакынкы келечектеги пландары, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маалымдады.

Кыргыз тышкы саясат мекемесинин башчысы Түрк академиясынын түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча ишмердүүлүгүн жогору баалады жана боордош түрк тилдүү мамлекеттердин бай мурасын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Түрк академиясынын кезектеги илимий эмгектери тартууланды: кыргыз тилинде жарык көргөн «Тагай бий» (Мухаммед Кыргыз), «Жамбыл Жабаев» (тандалган чыгармалар), ошондой эле тарыхый-маданий атлас «Түрк дүйнөсү». Түрк академиясынын Алматыда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана Нур-Султанда Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү ниети талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий