• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ башчысы Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта жүрүп жатканын айтты

Саясат 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жакшы темпте жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, талаш жараткан чек аралардын 85 пайызы делимитацияланган.

“Бүгүнкү күндө калган 15 пайыз чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, анда бир нече чакырым чек ара такталган. Биз ушундай нукта улантсак, жакынкы арада бул маселени чечебиз деп ойлойм”, - деди Абдылдаев.

Андан тышкары министр Үңкүр-Тоо мамлекеттик чек аранын тактала элек 15 пайызына кирерин айтты.

“Бул боюнча чечим кабыл алынат. Ал эми тоодогу адамдардын уурдалышы боюнча айтсак, мындай окуялар кайталанбайт деген үмүттөбүз”, - деди ал.

Абдылдаев кыргыз-өзбек чек арасында мурунку жылдары пикир-келишпестиктер, ар кандай окуялар болуп келгендигин билдирди. Бирок өткөн жылы бул сыяктуу окуялар кыйла азайган.

“Бизде жарандарга ок чыгарбоо боюнча чек ара кызматы менен макулдашуулар бар. Эки жагымсыз окуя болду. Эки тарап тең мындай окуялардын болбошуна бардык аракеттерин жумшап жатышат, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий