• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ башчысы жана ЕККУ ПАнын президенти парламенттик диалогдун өнүгүшүн талкуулашты

Коом 0

Бишкек. 04.10.18 /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү отурумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен ЕККУ ПАнын президенти Георгий Церетелинин жолугушуусу өттү.

Церетели Кыргызстанды кабыл алуучу тарап катары биринчи ирет Бишкекте ушундай масштабдуу парламенттер аралык форумду өткөрүп жатканы менен куттуктады.

Алар ЕККУ ПАнын сессиясын Кыргызстанда өткөрүүнүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ЕККУнун катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшүүгө чакырган парламенттик диалогдун алдыдагы өз ара аракетин жана өнүгүүсүн талкуулашты.

Ошондой эле Абдылдаев сессиянын ачылышында доклады менен чыгып, ишенимди жана аймактык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин ортого салды.

Пикир

Оставить комментарий