• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ башчысынын биринчи орун басары КР менен Канаданын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министиринин биринчи орун басары Динара Кемелова Канадага болгон иш сапарынын алкагында Канаданын эл аралык соода министринин орун басары Тимоти Сарджент жана Канаданын сатуу жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комммерциялык корпорациясынын вице-президенти Эндрю Шиско менен жолугушту.

КР ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуулардын жүрүшүндө Кемелова соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну диверсификациялоо, соода айлантууну жогорулатуу, жеке сектор ортосунда байланышты кеңейтүү, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайында, унаа, суу энергетика, айыл-чарба жана туристтик тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин көтөрдү.

Мындан тышкары, КРнын делегациясы суу ресурстарын биргеликте башкаруу жана электр энергиясын чыгаруудагы тажрыйбасын үйрөнүү максатында Канада менен АКШ чек ара аймагындагы «Мозес-Сандерс» ГЭСине барышкан.

Пикир

Оставить комментарий