• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИМ башчысынын м.а. Кулубаев Азербайжандын элчиси жана президентинин жардамчынын кеңешчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде, КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов жана Азербайжандын президентинин жардамчысынын кеңешчиси Фарган Новрузов менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Садыр Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты жана эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Кулубаев кыргыз-азербайжан мамилелеринин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүү мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача тургандыгын белгиледи.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий