• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМ башчысынын орун басары КР президентинин жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, КР президенти биринчи кезекте чет өлкөдө жүргөн КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүгө, алардын мекенинен тышкары жүрүү шарттарын жеңилдетүүгө, ошондой эле аларга КРдин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрдү кенейтүү боюнча бир нече жарлыктарга кол койгон.

“КР ТИМи тарабынан бул багытта «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыкты аткаруу максатында, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын, ӨЭУнун өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда 2020-2030-жылдарга КР миграциялык саясатынын концепциясынын долбоору иштелип чыккан. 2021-жылдын 4-майында Концепция КР Өкмөтүнүн №191 токтому менен бекитилди”, деди ал.

Концепция өзүнө төмөндөгүдөй 4 артыкчылыктуу багыттарды камтыган:

1. Өлкө жарандары, мекендештери, иммигранттары жана жарандыгы жок адамдары тарабынан КРда билим берүү, эмгек, кесиптик жана маданий укуктарын ишке ашыруу боюнча шарттарды өркүндөтүү.

2. Калктын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык потенциалын КРнын өнүгүшүнө пайдалануу.

3. Өлкөдөн тышкары жүргөн КР жарандарынын, ошондой эле КРнын аймагында жүргөн иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү.

4. Коопсуз миграциялык чөйрөнү түзүү.

“Буларды ишке ашыруу максатында Концепцияда каралган чаралардын 1-этабын (2021–2025-жылдар) ишке ашыруу планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. КР ТИМинин Тышкы миграция департаментинин координациялоосунда 2021–2025- жылдарга карата Пландын долбоору, анын бюджети жана мониторингдөө индикаторлорунун жана бул Планды ишке ашыруунун баалоо матрицасы даярдалган. Учурда аталган план КР министрлер кабинетине киргизүү үчүн ведомстволор аралык макулдашуудан өтүүдө”, - деди Айбек Артыков.

Пикир

Оставить комментарий