• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Бир жуманын ичинде Россиядан 1,8 миңден ашуун кыргыз жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6-июлунан 12-июлга чейинки аралыкта Россиядан 1 миң 813 кыргыз жараны мекенге кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бир жуманын ичинде Москва шаарынан 8 чартердик каттам уюштурулган.

Тактап айтканда,
- Москва шаарынан үч авиакаттам менен Бишкек жана Ош шаарларына 803 жүргүнчү келген;
-Новосибирск шаарынан эки авиакаттам менен Бишкек жана Ош шааларына 365 жүргүнчү учуп келген;
-Екатеринбург шаарынан эки авиакаттам менен Бишкек жана Ош шаарларына 461 жүргүнчү учуп келген;
-Санкт-Петербург шаарынан бир авиакаттам менен Ош шаарына 184 жүргүнчү учуп келген.

Жалпысынан РФнын авиакаттамдары убактылуу токтотулгандан баштап, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 13-июлуна чейин Россиянын 21 аймагынан 16 миң 581 кыргыз жараны Кыргызстанга кайткан. Россиядан 66 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

"Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар ачылган эмес жана россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына бароого КРнын РФдагы элчилиги чакырат. Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Россиядагы элчилик Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12 а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Пикир

Оставить комментарий