• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ТИМ: Бишкекке Минсктен 182 кыргыз жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июлда Бишкекке «Минск-Бишкек» аба каттамы боюнча «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргыз Республикасынын 182 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мурда берилген билдирүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Беларустагы жана Украинадагы элчиликтери тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелер менен өз ара аракеттешүүсүндө түзүлгөн.

Бул каттам менен Кыргызстан жарандары, анын ичинде Беларусь, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерландия, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүнөн студенттер кайтып келген.

Бул чартердик каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам Мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтып келүү боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий