ТИМ: Бишкекке Новосибирсктен 177 кыргызстандык жаран кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарынан Бишкекке 177 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга (байкоо жүргүзүүгө) белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий