• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ чет өлкөдө каза болгон КР жарандарынын 95 учуру боюнча репатриацияга каражат төлөп берди

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. / Кабар/. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон КР жарандарынын 95 учуру боюнча репатриацияга каражат төлөп берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыков билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан каза болгон жарандардын сөөгүн өз мекенине алып келүү боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында системалуу өзгөрүүлөр иштелип чыгып, ага ылайык, чет өлкөдө каза болгон КР жаранынын сөөгүн транспортировкалоого кеткен бардык чыгымдары мамлекеттин эсебинен жабылат.

Тактап айтканда, анда бул каражаттардын ченеми сөөктү алып келген өлкөнүн географиялык жайгашканына карата бекитилген. Муну менен катар репатриациялоого каражатты каза болгондун жакын туугадарына берүү элчиликтер тарабынан же болбосо Кыргызстандын аймагында КР ТИМине караштуу ТМДнын Маалыматтык-консультациялык борбору тарабынан ыкчам жүзөгө ашырылууга тийиш.

Үстүбүздөгү жылдын 15-майынан репатриациялоонун жаңы тартиби күчүнө киргенден тарта Россия, Казакстан, Түркия, Италия, Польша сыяктуу өлкөлөрдө каза болгон КР жарандарынын сөөгүн алып келүүдө 95 учуру боюнча каражат төлөнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий