• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Гонконгдон 27 кыргызстандык студент чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Гонконгдон дагы 27 кыргызстандык студент чыгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү «Гонконг-Алматы-Бишкек» жана «Гонконг-Москва-Бишкек» багытындагы учак менен Сянгандан учуп чыгып кетишкен.

Студенттерди аэропортко жеткирүүгө кеткен каражатты Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу камсыздаган.

Калган студенттер 21-22-ноябрда учуп келүүсү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий