• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ: Япония, Корея жана Малайзияда шайлоо тилкелери ачылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Япония жана Түштүк Кореяда КР президенттигине шайлоо үчүн тилкелер ачылды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Тилкелер Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө ачылган.

Ошондой эле шайлоо тилкелери Кытай (Пекин, Гуанчжоу) Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Астана, Алматы) Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын – Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында ачылган.

Консулдук каттоодо туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргызстандын жарандары шайлоо жараянына катышып жатышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча бардыгы болуп, шайлоочулардын саны 3 025 768 жаранды түзөт. Алардын 2 908 453 Кыргызстандын аймагында добуш берет. Чет жерде - 18 580 шайлоо бар. Дагы 98 735 жаран Бишкектеги кошумча тилкелерден добуш беришет.

Кыргызстан боюнча саат 8:00гө карата 2 миң 375 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоонун жүрүшүнө 700 эл аралык байкоочу көз салат.

Пикир

Оставить комментарий