• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Индиядан 22 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Индиядан 22 кыргызстандык кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 26-майда «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

«Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу ж. б. максатында Индияда болушкан», - деп айтылат маалыматта.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн Кыргызстандагы обсервациялардын бирине жайгаштырылган.

Президент койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий