• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ТИМ: Иорданиядан 5 кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иорданиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү жолдорун иштеп чыкты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5 жаран Иорданиянын «Air Jordanian» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Алматы шаарынын аэропортуна келип конгон, ал жактан Бишкек шаарына атайын унаа менен алынып келишкен.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн Кыргызстандагы обсервациялардын бирине жайгаштырылган.

"Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий