• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ Иракта өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылган КР жараны тууралуу маалыматты текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылган Кыргызстандын жараны тууралуу маалыматты текшерет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча КР тышкы саясат ведомствосу Иракта соттолгон аялдын Кыргызстандын жараны экени боюнча расмий тастыктама алган жок.

“Кувейттеги КР элчилигинин өкүлдөрү ирак тарапка ИЛИМ менен байланышка айыпталган аялдардын бири Кыргызстандын жараны экенин тастыктоо жөнүндө нота жөнөттү. Бирок алигиче тастыктоо болгон жок. Буга катар эле өлүм жазасынын аткарылышын күтүп жаткан адамдардын жарандыгын ырастоо өтүнүчү менен нота бул өлкөдөгү Эл аралык кызыл крестке жиберилген. Бирок биз тастыктама ала элекпиз. Биз маалыматты дагы бир ирет жаңылоону суранып, жооп күтүп жатабыз”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ведомстводон өлүм жазасынын аткарылышын күтүп жаткан адамдардын арасында Кыргызстандын жараны бар экени аныкталбагандыгын белгилешти. “Биз тактоону улантып жатабыз”, - дешти ведомстводон.

Эскерте кетсек, россиялык басылманын маалыматы боюнча Иракта Кыргызстандын жараны болгон аялды “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоого айыптап өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылган.

Маалыматка ылайык, Иракта “Ислам мамлекетин” колдоого айыпталган жети чет элдик жаранды соттоо процесси өткөн. Алардын ичинен эки россиялык жана Франциянын бир жараны өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы Азербайжандан делген үч аял менен Кыргызстандык бир аял өлүм жазасына тартууну күтүп жатышат.

Укук коргоочулар кармалган жана соттолгон аялдардын арасында жихаддын идеялык тарапташтары эле эмес, кырдаалдын курмандыктары да бар экенин белгилешүүдө. Аялдардын көбү бийликтен өкүмдү жумшартууну суранышып, халифатка күйөөлөрүнүн кысымы аркылуу келишкенин билдиришкен.

Иштин башка катышуучуларына карата кийинки процесс 29-апрелге белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий