• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ТИМ: Ирандан Бишкекке үч Кыргызстандын жараны келди

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Бишкекке Ирандан үч кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар «Kish Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу Алматы шаарынын (Казакстандын) эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен Бишкекке алып келинди.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылат.

Пикир

Оставить комментарий