• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ өкүлдөрү Кара-Суудагы дүлөй жана дудук балдар окуган мектепке барды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Балдардын коргоонун эл аралык күнүнө карата кечээ, 1-июнда Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдар окуган атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барып, окуучуларды куттукташты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн, ардактуу консулдардын клубунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен каражат чогултулуп, КР ТИМнин камкордугуна алынган мектеп-интернатын жакшыртуу үчүн жана үй тиричилик техникасын алуу үчүн акча каражаты тапшырылды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлер тарабынан аталган мектептеги балдар үчүн улуттук суусундуктар жана таттуулар белекке берилди.

Маалымат үчүн: Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдардын мектеп-интернаты 1936-жылы негизделген. 2022-жылдын 1-июнуна карата мектеп-интернатта түштүк облустарынан келген жалпы 174 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий