• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Казакстанда күйгөн автбуста каза болгондордун арасында КР жарандары жок

Коом 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин алдын ала берген маалыматы боюнча, автобустун ичиндеги күйүп кеткен адамдардын ичинде КР жарандары жок. Кырсык Самара-Шымкент жолунда болгон,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

Казак ЖМКнын маалыматы боюнча, Ikarus үлгүсүндөгү автобус бүгүн Самара-Шымкент унаа жолунун 10-чакырымында Калыбай айылынан 10 чакырым, Актөбөдөн 320 чакырым аралыкта болгон.

Кырсыктын кесепетинен 52 адам каза болуп, бешөө күйүп жаткан жалындан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун бардыгы Өзбекстандын жарандары.

Пикир

Оставить комментарий