• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Компетенттүү органдар чет өлкөлүк мекемелердеги бузуулар тууралуу маалыматты текшерип жатышат

Коом 0

Бишкек, 26.09.18 /Кабар/. Компетенттүү органдар жарыяларда баяндалган маселелердин баарына толук текшерүү жүргүзүүдө. Текшерүүлөр тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин тиешелүү кайрылуусу боюнча башталды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы ЖМКдагы КРнын Кореядагы элчисинин билдирүүлөрүнө байланыштуу маалымат берди.

Министрликтин басма сөз кызматы буга байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыктарын күтүү керек деп эсептейт.

ТИМден эгер жарыядагы маалыматтар тастыкталса, Кыргызстандын улуттук мыйзамынын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалашты. Ошондой эле эгер маалымат такталбаган, калп болуп чыкса, министрлик же анын Борбордук аппаратынын жана Чет элдик мекемелеринин кызматкерлери КРнын сот органдарына ар-намысын жана кызматтык репутациясын коргоону камсыздоо максатында кайрылууга укугу бар.

Пикир

Оставить комментарий