ТИМ: Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 29-майда «T-way» авиакомпаниясынын ««Сеул-Бишкек-Сеул» маршруту боюнча Бишкекке учуп келишкен.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

«КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү КР жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда» , - деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий