• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июнда «Air Astana» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу Кыргызстандын 3 жараны Алматы шаарынын (Казакстандын) эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен Бишкекке алып келинди.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат.

Пикир

Оставить комментарий