• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ТИМ: Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда «Asiana Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу Кыргызстандын 12 жараны Алматы шаарынын (Казакстандын) эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке алып келинди.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылат.

Пикир

Оставить комментарий