• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР ТИМ: Россия «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыкты

Коом 0

Бишкек. 30.03.19 /Кабар/. Кыргыз Тышкы иштер министрлиги орус тарап Кыргызстандын жарандарына карата буга чейин жарыяланган «миграциялык мунапысты» өткөрүү жол-жоболорун кайра карап чыккандыгын билдирет.

Ага ылайык, РФ аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргыз жарандарына 1-апрелден 22-апрелге чейин Россиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Андыктан, «миграциялык мунапысты» колдоно турган кыргыз жарандары жогоруда белгиленген мезгил (убакыт) аралыгында РФ Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын райондук бөлүмүнө КР колдонуудагы паспорту (ID-картасы же чет өлкөлүк паспорт) менен келүүсү керек. Ал жактан миграциялык каттоого коюу менен жаңы миграциялык карта берилет.

Ал эми колдонуудагы документтери (паспорттору) жок кыргыз жарандары жарыяланган «миграциялык мунапыстан» колдонуу үчүн Кыргызстандын РФ элчилигинен же консулдук мекемелеринин биринде (Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток шаарларында) Кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн тариздеп, Россиядан 2019-жылдын 22-апрелине чейин чыгып кетүүсү керек. Кайра Кыргызстанда таризделген паспорттун негизинде Россиянын аймагына каалаган мөөнөттөрдө кирүүгө болот.

Бул «миграциялык мунапыс» Россиянын чектеринен административдик чыгаруу жөнүндө соттук чечимдердин негизинде РФ аймагына кирүүгө уруксат берилбеген Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбай тургандыгын белгилеп кетүү керек.

КР Тышкы иштер министрлиги Россияда болуу мөөнөттөрүн бузуу менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын «миграциялык мунапыстан» пайдаланып калууга дагы бир жолу чакырат.

Пикир

Оставить комментарий