• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ КРнын чет өлкөдөгү консулдугуна талапкерлердин жашын 75 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн “Ардактуу консул тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомду коомдук талкууга чыгарууда.

Маалым болгондой, ТИМ КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан кийин КРнын чет өлкөлүк мекемелери) менен биргеликте ардактуу консулдардын институтунун аймагын кеңейтүү боюнча иш жүргүзүүдө. Бул КРнын чет өлкөлөр менен ар тараптуу мамилесин тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошумча курал катары кызмат кылат.

Ардактуу консулдардын институту КРнын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо эффективдүү түрдө пайдаланылууда.

КРнын ардактуу консулу тууралуу жобосунда ТИМдин жана КРнын чет өлкөдөгү мекемелеринин КРнын ардактуу консулдугуна талапкерлерди издөө жана тандоо боюнча ишмердүүлүгүн татаалдаштырган принципиалдык эмес мүнөздөгү бир катар чектөөлөр каралган.

Буга байланыштуу эл аралык практиканын негизинде КРнын ардактуу консулдар институтунун мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу максатында КРнын ТИМи КРнын өкмөтүнүн токтомунун тиешелүү долбоорун иштеп чыккан. Анда ардактуу консул тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

ТИМ тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн арасында консулдукка талапкерлердин жаш-курагын 75 жашка чейин жогорулатып, ар бир талапкерди өзүнчө карап чыгуу сунушу бар. Буга чейин 65 жашка чейинки адамдар консулдук кызматка талапкерликке көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий