• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда жогорку иш сапарларды уюштуруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда Кыргызстандын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору Али Сулейман Аль-Саид менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аль-Саид элчи Карагуловду кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи маектешине ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн өлкө жетекчилигинин чечкиндүүлүгү тууралуу маалымат берди. Тараптар өз ара иш сапарларды жогорку жана бийик деңгээлде уюштуруунун зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти.

Жолугушууда КР президентинин Кувейт мамлекетине, Кувейттин тышкы иштер министринин Кыргызстанга иш сапарларын уюштурууга, ТИМдердин ортосундагы эл аралык жана чөлкөмдүк күн тартибинин маселелери боюнча саясий кеңешмелерди өткөрүүгө басым жасалды.

Жолугушуунун аягында тараптар 2021-жылдын июль айында Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда ачылган түз аба каттам Булуңдагы өлкөлөрдөн КРга туристтик агымдын көбөйүшүнө жана кувейт рыногуна Кыргызстандын өндүрүмүн экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүп бергенине канааттанганын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий